АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:08, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР-5-к-дын ортосунан баштап эле түн. герман уруулары (англ, сакс, ют ж-а фриз) массалык түрдө Британиянын жээктерине барып отурукташып, ички райондоруна терендеп кире башташкан. Жерг. кельт уруулары багындырылып, калгандары Шотландия, Уэльске ж-а континентке (азыркы Бретань) сүрүп чыгарылган. 6-к-дын аягында герман уруулары Британиянын көпчүлүк аймактарын каратып, ал жерлерде бир нече англ-саксондук королдуктар (Кент, Уэссекс, Суссекс, Эссекс, Чыг. Англия, Нортумбрия, Мерсия) пайда болгон. Кийинчерээк бул уруулардын даниялыктар, норвегиялыктар ж-а франциялык келгиндер м-н жуурулушуусунун негизинде англичан эли калыптанган.