АНГКОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:23, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГКОР--(кийин Ангкор – Тхом кхмерче – «Улуу шаар» дегенди билдирет) – Сием-Реап ш-нын(Кампучия) жанындагы храмдардын, сарайлардын, суу сактагычтардын ж-а каналдардын зоркомплекси. 9–13-к-да курулган. Яшодхарапура(9-к-дын аягында негизделген) м-н Ангкор-Тхом (12-к-дын аягы) храмы, шаар урандылары, жыгач сарайлардын таш пайдубалы, тепкичтүүпирамида түрүндөгү «тоо-храмдары», а. и. скульптуралык жактан бай жасалгаланган ири Ангкор-Ват храмы (1113–50-ж. ч.) бар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.