АМПЕР ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:42, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМПЕР ЗАКОНУ – магнит индукциясынын вектору В м-н мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн А1 бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү мех. күчтү  аныктоочу закон: F = kIB AI sin а , мында а магнит индукциясы м-н токтун элементинин IAI арасындагы бурч. Вектордук А. з. d,F = [Т<й ■ в\ түрүндө жазылат. Бул закон 1820-ж. ачылган.Фр. физиги Ампер F күчүнүн чондугу ток күчүнө (/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) ж-а ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (&1) пропорциялаш экендигин далилдеген. AF вектору ток өтүүчү өткөргүчкө ж-а магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн  F багыты сол кол эрежеси м-н аныкталат. Ар ТҮРДҮҮ электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.