АЛАБУГА суусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Ак-Талаа р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 180 км, алабынын аянты 5820 км2. Фергана тоо тизмегинин түш.-чыгыш ж-а Торугарт кырка тоосунун түн. капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа м-н Бычан кошулуп А-ны түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоӊку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, суусу тайыздайт. Куймалары: Жаман-Даван (64 км), Коӊорчок (39 км), Кашка-Суу (33 км), Кумарык (23км) (оӊ); Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Кара-Суу, Миӊ-Жылкы, Мына-Келди, Кырчын-Булак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 26,5 м3/сек ; көбү ‒ 124 м3/сек, эӊ азы ‒ 9,70 м3/сек. Сугатка пайдаланы лат. Боюнда Кош-Дөбө, Коӊорчок кыштак ж-а Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним суудагы балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.