АЛА БАКАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 м узундуктагы жыгач буюм. А. көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай А-дар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген А. чыгданды да жөлөп турган. О. эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер м-н кооздолуп жа

салган А. да колдонулган. Мындай А. кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) А. түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр м-н айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.

АЛА БАКАН17.png