АЛГЫР КУШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:20, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГЫР КУШТАР ‒ аӊ уулоо, ар кандай илбээсиндерге салуу үчүн, мүлүшкөрлөр тарабынан атайын тапталган кыраан куштардын жалпы атамасы. Аларга шумкар, ылаачын, жагалмай, ителги, бүркүт, карчыга, кыргый, турумтай ж. б. кирет. Булардын ичинен: бүркүт, жагалмай, турумтай, кыргый ‒ ш ы п ы р ы п а л у у ч у л а р; ителги, ылаачын ‒ т е б ү ү ч ү л ө р. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү, шамдагайлыгы м-н башка куштардан айырмаланат.

Алгыр куштар: ‒ 1. Карчыга; 2. Турумтай; 3. Ителги; 4. Шумкар; 5. Жагалмай; 6. Ылаачын.

А. к. оокат кылуу (аӊ алдыруу, илбээсин карматуу ж. б.) максатында, о. эле зоокчулук (көӊүл ачуу, тамаша куруу) үчүн да пайдаланылган. А. к. тартуу ж-а кыздын себине, калыӊга башат катары да берилген. Азыркы учурда А. к-ды салуу улуттук спорт оюнунун бир түрүнө айланды. А. к-дын ичинен бүркүт м-н карчыга азыр да тапталып, ууга алып чыгышат.