АЛГЕБРАЛЫК ИЙРИ СЫЗЫК
Jump to navigation
Jump to search
АЛГЕБРАЛЫК ИЙРИ СЫЗЫК ‒ өлчөмү 1ге барабар болгон алгебралык көп түспөлдүүлүк . Эӊ жөнөкөй А. и. с. катары жалпак аффиндик ийри сызыкты түшүнсөк болот. Жалпак аффиндик А. и. с. аффиндик тегиздигинде f(x,y) теӊдемесин канааттандырган чекиттердин көптүгү. Мында f(x,y) коэфф-тери алг. туюк k-талаасында жаткан көп мүчө. Аффиндик ийри сызыктарды изилдөөдө топологиялык ыкмаларды колдонобуз, б. а. аффиндик ийри сызыкты Pn проективдик мейкиндигине туюктоо м-н камтып, аны Зарисскийдин топологиясы м-н жабдыйбыз. Бул учурда проективдик X ийриси пайда болот ж-а баштапкы аффиндик Ю ийри сызыгы Xтен чектүү сандагы чекиттерди алып салуу м-н алынат. Ошентип аффиндик ийри сызыкты изилдөө проективдик ийри сызыкты изилдөөгө алып келет. Ад.: Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972; Уокер Р. Алгебраические кривые. М., 1952; Мамфорд Д. Лекции о кривых на алгебраической поверхности. М., 1968.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.