АЛГАЧКЫ КООМДОГУ ИСКУССТВО
АЛГАЧКЫ КООМДОГУ ИСКУССТВО ‒ алгачкы коомдук түзүлүш дооруна таандык искусство. Б. з. ч. 40‒30-миӊинчи жылдар ченде соӊку палеолитте аӊчылардын турмуштук керектөөлөрүн ж-а ой-пикирлерин чагылдыруу (жөнөкөй турак жайлар, жаныбарлардын үӊкүрдөгү сүрөттөрү, аялдардын статуэткалары) аркылуу келип чыккан. Неолит ж-а энеолит доорунда дыйкандар м-н малчыларда жамааттык жайлар, мегалиттер, түркүктүү курулуштар пайда болгон. Бул учурда сүрөт абстракттуу түшүнүктөрдү бере баштаган оймо-чийме өнөрү өнүккөн. Неолит, энеолит, коло доорлорунда Египет, Индия, Алдыӊкы, Орто ж-а Кичи Азия, Кытай, Түш. ж-а Түш.-Чыгыш Европада жашаган урууларда дыйканчылык мифологиясы м-н байланыштуу искусство калыптанган (оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, скульптура). Түндүктөгү токой аӊчылары ж-а балыкчылар аскаларга жазуу-чиймелерди, жаныбарлардын тулкусун тартышкан. Коло ж-а темир доорлорунда Чыгыш Европанын ж-а Азиянын малчылык м-н кесиптенген көчмөн уруулары айбанаттар стилин түзүшкөн.
Д. Өмүралиев.