АКЧА РЕФОРМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:06, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЧА РЕФОРМАСЫ‒ акчанын жүгүртүлүшүн тартипке келтирүү ж-а акча системасын чыӊдоо максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлүүчү мыйзамдуу өзгөртүү. А. р. учурунда баасын жоготкон кагаз акча жүгүртүүдөн алып ташталып, жаӊысы чыгарылат, акча бирдиги же анын алтын куну өзгөртүлөт да, бир акча тутумунан башка акча тутумуна өтүлөт. СССРде 1922‒24-ж. бирдиктүү акча системасы түзүлүп, червонец (туруктуу валюта), о. эле казына билети, күмүш ж-а жез монета чыгарылган. 1947-ж. 10:1 эсебинде акча алмаштырылган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ашык акча жүгүртүүдөн алып ташталып, сомдун күчү жогорулатылган. 1961-ж. акча белгиси жаӊысы м-н алмашылган (10:1). Кырг-н эгемендик алганы, 1993-жылдан тартып, кыргыздын улуттук акчасы ‒ сом пайдаланылат.