АКАЕВ Аскар
АКАЕВ Аскар (10. 11. 1944‑ж.т., Чүй обл., Кемин р‑ну, Кызыл‑Байрак айылы) – Кыргыз Респ-нын тунгуч Президенти (1990–2005); көрүнүктүү илимпоз физик, техника илимд. доктору (1981), проф. (1983), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1987), Россия ИАнын анык мүчөсү (2006). 1968-ж. Ленинград так механика ж‑а оптика ин‑тун бүтүрүп, ошол эле ин‑тта улук лаборант, аспирант, инженер, 1972–73‑ж. ФПИде ассистент, улук окутуучу, 1973–76‑ж. Ленинград так механика ж‑а оптика ин‑тунда улук ил. кызматкер, улук окутуучу. 1976‑жылдан кайрадан ФПИде улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1986–87‑ж. Кырг‑н КП БКнын илим ж‑а окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси, 1987‑ж. Кыргыз ССР ИАнын вице‑президенти, 1989-жылдан президенти. 1989‑ж. А. СССР эл депутаты болуп шайланган. 1990‑ж. 27‑октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында, ал эми 1991‑ж. 12‑октябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Респ‑нын Президенттигине шайланган. Өлкөнүн президенти катары республикада алгачкы демокр. ин‑ттардын, жарандык коомдун ж‑а рынок экономикасынын негиздерин түптөөгө олуттуу салым кошкон.
Алсак, КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп, Кыргызстанда улуттук валюта – сом киргизилип, «Манас‑1000», «Ош‑ЗООО», Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы БУУнун колдоосу м‑н белгиленген. Ошону м‑н бирге анын башкаруусунун акыркы жылдарында коррупциянын күч алуусу, өлкөдөгү социалдык‑экон. абалдын татаалдашы, өлкөнүн тышкы карызы 2 млрд доллардан ашып кетиши, өлкөдөгү саясий‑экон. кризистин күчөшү 2005‑жылдын 24‑мартындагы окуяга алып келди. Натыйжада А. Кырг‑ндан кетүүгө аргасыз болгон. Илимпоз катары ал эсептегич техникаларды ж‑а кванттык радиофизика жаатындагы маселелерди чечүүгө арналган жаңы ил. багыттын – оптикалык эсептөө техника тармагын негиздегендердин бири. А. 200дөн ашык ил. эмгектердин, а. и. 16 монографиянын автору. Кырг‑н Ленин комсомолу сыйлыгынын (1976), Эл аралык Дж. Неру атн. биримдик фондусунун (1995), Улуу Петр (Россия Федерациясы) ж. б. эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Альберт Эйнштейн атн. (АКШ), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалдары м‑н сыйланган.
Эмг.: Когерентные оптические вычислительные машины. Л., 1977; Оптические методы обработки информации. Учебник для ВУЗов. М., 1998; Переходная экономика глазами физика. Б., 2000; Памятное десятилетие. Б., 2001; Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу. Б., 2002.