АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК
Jump to navigation
Jump to search
АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК – жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигинде өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу программаларын аныктоо ж‑а ички тартиптер б‑ча укуктар; билим берүү ж‑а илимий-изилдөө жагында инсанга берилген өзгөчө укуктардын ж‑а эркиндиктердин топтому. Профессорлорду ж‑а ректорлорду шайлоо көз карандысыз, сырткы администрациялык бийликтин кийлигишүүсүз жүрөт. Жогорку окуу жайлардын профессор‑окутуучулар курамына, илимий кызматкерлерге ж‑а студенттерге төмөндөгүдөй эркиндиктер берилет: предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көз карашы б‑ча түзүү; илимий-изилдөө темаларын тандоо; аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүү; студенттин өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө ж‑а муктаждыгына ылайык билим алуусу.