АЙБИЭМ
АЙБИЭМ (IBM) (англ. IBM CORPORATION) мааыматтарды иштетүү ж‑а жиберүү каражаттарын өндүрүү б‑ча дүйнөдөгү эң ири корпорация. «Эл аралык бизнес машина» IBM АКШда 1911‑ж. негизделип, башка ат м‑н аталган. Азыркы аты 1924‑ж. ыйгарылган. Бул жылдары IBM ар түрдүү жабдууларды ж‑а маалыматтар түркүмү (семействолор) системасын иштеп чыккан. Алгач өзгөчө IBM 360/370 база компьютери кеңири таралган. Жыйналган тажрыйбалардан улам 1990‑ж. ES/9000 түрүндөгү компьютер м‑н жабдуу башталат. ІВМдин стратегиялык иштеп чыгуулары төмөнкүлөр: Nways арх‑расы, кең тилкелүү тармак арх‑расы, видеографика матрицасы, коммутацияланган виртуалдык тармак, жиберүүнүн пакеттик жолу, киргизүү системасы ж‑а кабар маршруттоо, FORTRAN тили. Тармак башкаруу платформасы Karat тармакта иштетүү системалар көптүгүн
башкарууга мүмкүндүк берет. Структураланган аталыштар тили берилиштер базасы м‑н натыйжалуу иштөөнү камсыз кылат. IBM жарыш иштетүү каражаттуу суперкомпьютерлерден жеке компьютерге чейинки ж‑а жеке электрондук ассистенттердин кеңири номенкулатурасын чыгарат. Колдонмо программалар комплекстерин иштеп чыгууга көбүрөөк көңүл бурат. Мындай комплекстерге иш кагаздарын автоматташтырууну камсыз кылган колдонмолор, видеофильмдерди ж‑а бардык берилиштер түрүн камтыган интегралдаштырылган берилиштер базасы кирет.
Өмүралиев А. С.