АЗОБОЁКТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЗОБОЕКТОР – ароматтык радикалдарды бай­ланыштырып турган бир нече азотоптору ­N=N- бар орг. заттар. Молекуласындагы азо­топтордун санына жараша:	моноазобоёктор R‑N=N‑R1, диазобоёктор RN=NR1‑N=N‑R" (R'SR1, R – орг. радикалдар – ароматтык, гете­роциклдик, алифаттык) ж‑а полиазобоёктор деп бөлүнөт. NH2- тобу барлар аминазо-, ОН‑тобу барлар – оксиазобоёктор деп аталат. А‑дун өңү­нүн кочкулданышы азо-, окси- ж‑а амин топто­рунун санына жараша болот. Оксиазобоёктор ­начар к‑талык, аминазобоёктор начар негиздик касиетке ээ. Курамында бир же бир нече суль­фо‑тобу болсо к‑талык, курамында амин‑тобу болсо негиздик А‑го бөлүнөт. А‑ду диазоний  туздарынын фенолдор, нафтолдор, ароматтык аминдер ж. б. орг. заттар м‑н реакцияга киришинен алууга болот. Өндүрүлгөн бардык боёк­тордун 50%и А. болуп эсептелет. Аминазобоёк тор м‑н сары түстөн көк, кара түскө чейин бу­ланын бардык түрүн, пластмасса, кагаз, тери, булгаары боёого болот.