АДВЕНТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДВЕНТИЗМ (лат. adventus – келүү) – АКШда 1830‑ж. пайда болгон протестантизмдин багыты. Баптист‑дин үгүттөөчү Уильям Миллер (1782–1849) тарабынан негизделген. Ал 1843‑ж. Биб­лияга таянып, өз алдынча татаал эсептөөлөрдү жүргүзүп, Иисус Христостун Экинчи жолу ке­лишин аныктаган ж‑а анын пикири б‑ча ал дата 1843–44‑ж. аралыгы болгон. 1843‑ж. Миллер­дин жактоочуларынын саны 100 миңге жеткен. Анын айтканы ишке ашпай калган соң, Мил­лердин жактоочулары дагы бир нече даталарды айтып чыгышкан. 1845‑ж. Олбаниде (Нью‑Йорк штаты) өткөн адвентисттердин съездинде өздө­рүнүн ассоциациясын түзүшүп, диний догмат­тарды иштеп чыгышкан. Алардын пикири б‑ча дүйнөнү өрт каптап жок болот, бирок динге ишенгендер үчүн жаңы дүйнө пайда болот. Христостун экинчи жолу келиши динчилдердин кайрадан тирилиши м‑н коштолуп, Христостун 1000 жылдык башкаруусунан кийин күнөө­лүүлөр да тирилет. Адвентисттердин догматтар­ды талкуулоодо пайда болгон ич ара пикир ке­лишпестиктерден бир нече топко бөлүнүп кетиш­кен, а. и. эң ириси Жетинчи күндүн адвентист­тери. Мындан тышкары Кудайдын чиркөөсү, Жашоонун ж‑а келүүнүн союзу ж. б. Адвентист­тик үгүт канчалык көп элге жетсе, Христостун келиши ошончолук тездейт деп эсептешип, Жетинчи күндүн адвентисттери (ЖКА) миссио­нердик ишти өтө уюшкандыкта, активдүүлүк м‑н жүргүзүшөт. Алар кайрымдуулук иштерине өзгөчө маани беришип, согуш ж‑а табият кыр­сыктарынан жапа чеккендерге жардам көрсө­түүдө БУУ м‑н бирдикте кызматташууда. 600гө жакын госпиталь, клиникалар ж‑а санаторий­лерди керектүү дары‑дармек, каражат м‑н кам­сыздап турат. ЖКА чиркөөсүнүн 205 өлкөдө общиналары, 1 млнго жакын жактоочулары бар.