АГРОЦЕНОЗ
Jump to navigation
Jump to search
АГРОЦЕНОЗ (гр. агро… ж-а koinos ‒ жалпы) ‒ маданий өсүмдүктөр өстүрүлгөн аймактын (талаанын, плантациянын, огороддун, бакчанын ж. б.) кыртышында жашап жаткан организмдердин көптөгөн түрлөрүнүн тобу. А. төмөндөгүдөй бөлүнөт: адамдын колу м-н жасалган А. ‒ ургаалдуу пайдалануунун натыйжасында түрү өзгөрүлгөн табигый өсүмдүктөр тобунун сапаты жакшыртылганы (пландуу пайдаланган токойлор, шалбаалар); жарым-жартылай кол м-н өстүрүлгөн А. ‒ өсүүсү пландуу түрдө жөнгө салынып турбаган өсүмдүктөрдүн жасалма тобу (эгилме токой аянттары, себилме көп жылдык шалбаалар); айдалма А. ‒ өсүп-өнүгүүсү адам тарабынан жөнгө салына турган өсүмдүктөрдүн коомдоштугу (бак-дарактар, плантациялар, айдоолор); ургаалдуу экме А-до ‒ кыртыш, суу, аба чөйрөсү түзүлүп, өсүп-өнүгүүсү жөнгө салынып туруучу өсүмдүктөр тобу (күнөскана өсүмдүктөрү, аэропоника, гидропоника). Адамзаттын чарба иштерин ургаалдуу жүргүзүшү табигый биоценоздордун көп түрдүүлүгүнүн кыскарышына алып келүүдө. Бул болсо атм-нын газ алмашуу режимине тоскоол болуп жатат. Ошондуктан, айлана-чөйрөнү коргоо ж-а а. ч. ландшафттарынын чарба иштерин туура жүргүзүү, А. түшүмдүүлүгүн жогорулатуу (өсүмдүктөрдү СО2 газы м-н жетиштүү өлчөмдө камсыз кылып) ж. б. мелиорация иштерин жүргүзүү керек.
К. Молдошев.