АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:38, 14 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ ‒ Австралиянын жергиликтүү элдеринин тили (бардыгы 600дөн ашуун тил, алардын ичинен 450гө жакыны кийинки 100 жыл ичинде жоюлуп кеткен).. Типологиялык жактан Австралия тилдери мүчөлөмө (тагыраак айтканда, префикстешүүчү-суффикстешүүчү ж-а суффикстешүүчү) тилдердин тобуна кирет. Префикстешүүчү тилдер континенттин түндүгүндө (Арнемленд, Кимберли жарым аралында, Дампирдин жеринде), ал эми суффикстешүүчү тилдер Австралиянын калган бөлүктөрүнө, ошондой эле Арнемленддин түштүк-батышына ж-а Кейп-Йорк жарым аралына тараган. Анын жазмасы жок. Австралия тилдеринин тектештиги далилденбеген жана аны изилдөө негизинен 20-кылымдан башталган.