АВИАЦИЯ ОТУНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:32, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВИАЦИЯ ОТУНУ– учуучу аппараттын кыймылдаткычынын күйүү камерасына жылуулук энергиясын алуу максатында аба м-н кошо киргизиле турган күйүүчү зат. Ал авиация б е н з и н и [бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч үчүн ] ж-а реактивдүү отун (газ-турбиналуу кыймылдаткыч үчүн) болуп бөлүнөт. Нефтиден алынат, мис., авиация бензини – бышкектүү авиациялык кыймылдаткыч үчүн ылайыкталган октандык саны жогору бензин. Реактивдүү отун авиакеросиндин негизинде иштелип чыгат. А. о. катары синтездик, криогендик ж. б. отундун түрлөрүн колдонуу б-ча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. СССРде 1987-88-жылдарда суюк бутан м-н Ми-8Т вертолётуна, ал эми 1988-90-жылдарда суюк суутек ж-а метан м-н Ту-155 самолётуна сыноолор жүргүзүлгөн. А. о. металл ж-а металл эмес материалдарды дат бастырбай, курамында мех. кошулмалар, суу болбошу керек. А. о. таза күйүп ж-а бийиктиктеги төмөнкү темп-рада коюланбашы үчүн анын тоңуу чекити абдан төмөн болот.