АБДЫЛДАЕВ Эсеналы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Эсеналы (16. 2. 1932, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Жаркынбаев айылы - 5. 5. 2003, Бишкек) – «Манас» изилдөөчү ж-а жыйноочу. Кыргыз Республикасынын Илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1997), филология илимдеринин кандидаты (1967), Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы мугалимдер институтунун физика-математика (1951) ж-а КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын Тил ж-а адабият институтунда кенже, улук илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер. «Манас» эпосун үйрөнүү, таануу, изилдөө б-ча «Манас» эпосунун алтайлыктардын баатырдык поэмалары м-н болгон эпикалык катышы» (1966), «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары» (1981), «Кыргыз фольклорунун тарыхынан» (1983), «Манас» эпосунун историзми» (1987), «Манас» эпосунун эпикалык формулалары» (1991), «Манастын тарыхый баатырдык эпос катарында калыптануу жана өнүгүү этаптары» аттуу монографиялык эмгектери бар. А. манасчы Мамбет Чокмор уулунан 100 басма табак көлөмүндөгү «Манас» бөлүмүн жыйноого ж-а жазып алууга, «Семетей» бөлүмүн ж-а С. Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» эпосунун академиялык басылышын басмага даярдоого катышкан (1989). М. Мукасов.