АСАН КАЙГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:14, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАН КАЙГЫ – 13-14-кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир катар элдерге (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист-философ акын. Анын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган. Айрымдары 1912-ж. Оренбургда чыккан жыйнакка кирген. Асан Кайгы кыргыз фольклорундагы маалымат б-ча 14-15-кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган. Айрым чыгармаларынын ногой, казак, каракалпак, кыргыздарга бир башаттан тараганына караганда булар бир эл катары биригип турган мезгилде жашаган деген ойду жаратат. Казак адабиятчылары акындын ата-тегин тактоого көп аракет кылышкан, бирок анын өмүрбаяны аңыз кепке айланып кеткен. Бизге акылмандын чыгармалары уламыш ж-a үзүндү түрүндө келип жеткен. Ошондон улам кыргыз адабиятында оозеки чыгармачылыктын атактуу өкүлү, калк кыялынын туундусу катарында каралат. Уламыштарда Асан Кайгынын замандаштары Жээренче Чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдар Көсөө болгондугу айтылат. Ч. Baлиханов аны «көчмөн элдердин философу» деп атаган. Асан Кайгы элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган», малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Ат-Башыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү жактырып, аны конуштап калып, өлөр алдында айткан керээзи б-ча сөөгү Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына коюлган деп айтылат.

Р. Сарыпбеков.