АСЕЙИНОВ Мукун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Мукун (5. 6. 1941-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Барскон айылы) – мамл. ж-а саясий ишмер, Москва кооперация ин-тун, СССР эл чарба академиясын (1985) бүткөн. Эмгек жолун Каракол шаардык соода тармагында бухгалтер болуп иштөөдөн баштап, 1961-70-ж. Каракол, Фрунзе шаардык комсомол комитеттеринде секретарь, 1979-ж. Кырг-н КП БКнын финансы бөлүмүнүн инструктору, 1972– 74-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу, 1975–76-ж. Кырг-н КП БКнын уюштуруу-партиялык иштер бөлүмүнүн инспектору. 1977–79-ж. Талас обл-нун Киров р-ндук Эл депутаттар кеңешинин аткаруу к-тинин төрагасы, 1980-ж. Талас обл. Эл депутаттар кеңешинин аткаруу к-тинин төрагасынын орун басары, 1981–85-ж. Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун төрагасынын орун басары,

АСЕЙИНОВ 82.png


1985-ж. партиянын Тянь-Шань р-ндук к-тинин 1-секретары, 1986-ж. Кыргыз CCP Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1987– 91-ж. 1-орун басары, 1991-96-ж. Чүй обл. мамл. админ, башчысынын 1-орун басары, 1996– 2002-ж. КРдин Ирандагы Атайын ж-a ыйгарым укуктуу элчиси, 2012-жылдан КРдин Шри-Ланкадагы ардактуу консулу. 1986–91-ж. Кыргыз CCP Жогорку Советинин депутаты.
3. Бейшеев.