АРАБ ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
АРАБ ТИЛИ– бардык араб өлкөлөрүнүн расмий тили. БУУнун Генералдык ассамблеясынын расмий тилдеринин бири. Азия-Африка тилинин семит тобуна кирет. А. т-нде сүйлөгөн элдердин бардыгы үчүн жалпы таандык болгон азыркы араб адабий тили Араб жазма ад-тында 7-к-да пайда болгон оозеки койнеден келип чыккан. О. кылымда А. т. Чыгыштагы бардык мусулмандар үчүн диндин, илимдин ж-а ад-ттын тили болгон. А. т. египет, Судан, Сирия, ирак, магриб ж. б. диалектилерге бөлүнөт. Морфол. түзүлүшү б-ча флективдүү тилдерге кирет.ет.
Ад.: Юшманов Н. В., Строй арабского языка. JL, 1938; Гранде Б. М., Курс арабской грамматики в сравнительно-историческом освещении. М., 1963; Шарбатов Г. Ш., Современный арабский язык. М., 1961.