АРАРАТ
Jump to navigation
Jump to search
АРАРАТ (түркчө Агрыдаг – «ийри тоо»; армянча М а с и с – улуу; иранча – «Н о й т о о с у») – Армян тайпак тоосундагы эң бийик жанар тоо массиви. Түркиянын чыгышында (Армения м-н Ирандын чек араларына жакын жеринде). Негизи бирге эки конустан – Чоң
А-тан (бийикт. 5122 22 м) ж-а Кичи А-тан (3896 м) турат. Базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Капталдарында лава, 4250 мден жогору дайыма кар
жатат; 30дай мөңгү бар.�.