АРАМ-СУУ УРАН КЕНИ
Чүй обл-нун Жайыл
р-нунда, Суусамыр суусунун оң куймасы АрамСуу суусунун сол жээгинде, Суусамыр кырка
тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 2700–
3200 м бийиктикте. 1959-ж. табылган. 1959–
63-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен
аймагы карбондун гранит-порфир кичи интрузиясы ж-а кварцтуу порфирлердин дайкалары
м-н жирелип, девон-карбон мезгилинин кумдукгравелит-сланецтер катмарларынан түзүлгөн.
Уран минералдашуусу гранит-порфирдин экзоконтактасындагы чополуу сланецтин талкаланган, жаракаланган зоналары м-н байланышкан.
Кенташтануу (рудалануу) минералдашкан зоналар тибине, уранит-сульфид формациясына кирет. Негизги кенташ минералдары: настуран,
пирит, уран көөсү, галенит, казолит, уранофан.
Кенташтагы урандын орт. өлчөмү 0,170%. Кенташтын запасы ж-а ресурсу 473 миң щ урандыкы 806,2 т