АМУНДСЕН-СКОТТ
Jump to navigation
Jump to search
АМУНДСЕН-СКОТТ У ю л- АКШнын Түш.геогр. уюлдагы антарктидалык ил. станциясы. Уюл платосунда 2800 м бийиктикте жайгашкан. 1957-ж. январда ачылган. Континенттин ички аймактарына маршрут б-ча жүргүзүлчү изилдөөлөрдүн базасы. Түш. уюлду биринчи ачышкан норвегиялык Р. Амундсен ж-а англ. Р. Скоттун ысмынан аталган.