АКТИНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(лат. Actinium, гр. aktis ‒ нур), Ас ‒ элементтердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган радиоактивдүү элемент, ат. н. 89. А-дин туруктуу изотобу жок, радиоактивдүү 10 изотобу (масса сандары 221‒230) белгилүү. Бир кыйла туруктуу изотобу 227 Ас. А-ди 1899-ж. фр. химик А. Дебьерн ачкан. Күмүш сымал агыш металл; б. эрүү t 1050±50°С, кайноо t 3300°С, реакцияга тез кирет, абада окистенет, галогендер ж-а суутек м-н оӊой реакцияланат; туз, азот к-таларында жакшы эрийт. Хим. бирикмелерде үч валенттүү; туздары ак, эритмеси түссүз. А. гидроксиди Ас(ОН)3 лантан гироксидине La(OH)3 караганда негиздик касиетке көбүрөөк ээ. Радий 226Ra изотобун нейтрондор м-н ядролук реактордо нурлантууда пайда болот да, экстракция жолу м-н бөлүнүп алынат, үч фтордуу А-ди литийдин буусу м-н калыбына келтирүүдөн да алууга болот. Ил.-из. иштеринде колдонулат.