АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:16, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ  – нефть ж-а күйүүчү газ кендери жаткан ири аймак.Түркмөнстандын борб. ж-а чыгыш, Өзбекстандын батыш, Афганистан м-н Ирандын түн. бөлүктөрүндө 420 миң км2дей аянтты ээлейт. Алгачкы газ кендери 1953-ж. Түркмөнстанда (Сеталан-Дөбө), 1960-ж. Афганистанда (Етымтаг),
1968-ж. Иранда (Хангиран) табылган. 200дөн
ашуун нефть ж-а газ кендери белгилүү (2005).
Алардын негизгилери: Түркмөнстанда – Шатлык, Даулетабад-Донмез, Байрам-Али, Ачак, Саман-Дөбө, Орто-Булак ж. б.; Өзбекстанда – Газлин;
Афганистанда – Кожо-Гугердаг, Жаркудук ж. б.;
Иранда – Хангиран юра ж-а мезгилдеринин газ-нефтилүү терриген ж-а карбонат чөкмө тек катмарлары 0,2-4 км тереңдикте Аму-Дарыя синеклизасын түзүп жатат. Газ кургак, метандуу,
курамындагы N2 5%ке чейин, СОа – 4%, айрым
H2S–6%. Нефть майда бүртүкчөлүү, парафиндүү
(13% ке чейин), тыгыздыгы 770 – 900 кг/м3.