АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи А.-А. с-у (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-ж. Кандагар, Газни, Кабул ш-н ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү м-н аяктаган. 1842-ж. аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Экинчи А.-А. с-у (1878–80) Англиянын
Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу ж-а Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу м-н жыйынтыкталган. Үчүнчү А.-А.
с-унун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы б-ча
кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган.