АСТРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:50, 26 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Аstеr) ‒ өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. А-нын 250дөн ашык түрү бар. Ал гүлүнүн түрү, түсү, сабагынын бийиктиги, бутактап өсүшү ж. б. б-ча айырмаланат. Көп ж-а бир жылдык түрү бар. Көп жылдык А. Түн. Америкадан таралган. Сабагы бутактуу, бийикт.
АСТРА8.png

20‒150 см, суукка чыдамдуу. Көбүнчө кеч күздө гүлдөөчү сорту өстүрүлөт. Уругу күзүндө же жазында 0,5 см тереӊдикте себилип, экинчи жылы гүлдөйт. Бир жылдыгы Кытай, Япониядан таралган. Жапыз (15‒25 см), орто (30‒50) ж-а бийик (60‒80) өсүүчү сорттору бар. Көчөтүнөн же уругунан өстүрүлөт. Уругу кеч күздө же эрте жазда cебилет, 7‒8 күндө текши өнүп чыгат, 3‒4 айда, cуук түшкөнгө чейин гүлдөйт. Кырг-ндын тоолорунда 1 түрү ‒ альп А-сы өсөт.