АСФАЛЬТ ТӨШӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:15, 14 Апрель (Чын куран) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 автомобиль жолун, аэродром курууда ж-а оӊдоодо, алардын жабуусуна асфальт-бетонду ж. б. битум-минералдык аралашмаларды төшөөчү, өзү жүрүүчү жол куруу машинасы. Ал өндүрүмдүүлүгү б-ча өтө оор (300 т/с жогору), оор (150‒300 т/с), орто (75‒150 т/с) ж-а жеӊил (25 т/с дан кем эмес) болуп айырмаланат. Жүрмө бөлүгүнө
АСФАЛЬТ ТӨШӨГҮЧ12.png

карата казтаман, дөӊгөлөктүү ж-а айкалыштырылган болуп бөлүнөт. Ал автотранспорттон аралашманы кабыл алуу, аларды бөлүштүрг үч айланма шилегичке жиберүү, төшөлүүчү тилкенин энине жараша жаюу, жабуунун көрүнүшүн жакшыртуу, тегиздөө ж-а аны тыгыздоо кызматын аткарат. Ал жумушчу шаймандары ж-а автоматтык башкаруу м-н камсыздалат.