АРГОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. Argon), Аг – элементтердин мезгилдик системасыны'н VIII тобундагы хим. эле­мент; инерттүү газ. Катар н. 18, ат. м. 39,948.

Үч изотобу бар: Аг36 (0,337 %), Аг38(0,063 %), Аг40 (99,600 %). Сырткы электрондук конфигурациясы 3s2 Зр6. А. инерттүү газдардын ичинен эң көп таралганы; атм-да көлөмү б-ча 0,93 %. Молекуласы бир атомдуу, түссүз, жытсыз. Кайноо t -185,29°С, тыгыздыгы 0,001784 г/см3. Орг. эритмелерде сууга караганда жакшы эрийт.
ж. Дж. Релей ж-а У. Рамзай ачкан. А. абаны өтө муздатып бөлүүдөн алынат. Байытылган А. аралашмасынын курамында 40 % ке жакын кычкылтек болот. Аны бөлүүчү аспаптан өткөргөндө 95%түү А. алынат. Андан ары тазалоо гидридцөө, адсорбциялоо ж. б. жол м-н ишке ашат. А. металлургияда, металл иштетүүдө, жарым өткөргүч аспаптарды даярдоодо, хим. синтезде, люминесценттик лампаларда, ядролук техникада ж. б. кеңири колдонулат.