АЛГАЧКЫ ДЫЙКАНЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:02, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛГАЧКЫ ДЫЙКАНЧЫЛЫК ‒ алгачкы коомдун мезолит доорунда калыптана баштаган өндүрүштүк тармактын бир түрү. Ал жыйноочулуктан бөлүнүп чыгып, алгач аялдар эмгектенген. Алар адегенде өздөрү жашаган турак жайдын айланасындагы жерлерди гана айдашып, таш, жыгач, сөөктөн жасалган жөнөкөй эмгек куралдарын колдонушкан. Себилүүчү өсүмдүктөрдүн түрү да аз болгон. Эмгек куралдарынын өтө жөнөкөйлүгүнөн улам, адамдар алгач саздак ж-а борпоӊ топурактуу жерлерди гана иштете алышкан. Бара-бара алар ири жер аянттарын токой-бадалдардан арылтып, мурда сугарууга ыӊгайсыз кургак жерлерге арык казып, суу алып баруу м-н жерлерди өздөштүрө башташкан. Археол. табылгаларга караганда, Азия, Түн. Африка, Европа аймактарын мекендеген алгачкы дыйкандар буудай, сулу, арпа, шалы эгишкен. Кийинчерээк А. д-та которуштуруп айдоо ыкмалары колдонула баштаган.