АКСАРЫ БАШЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:53, 23 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ адамдар башына оор иш түшкөндө (кыйын оору, кырсык ж. б.) же сүйүнгөндө, тилек тилеп кудай жолуна аталып союлуучу мал. Адеп бул түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле пайда болуп, кийинчерээк ал диний мүнөзгө ээ боло баштаган. А-га союлчу жандыктын өӊү адегенде ак, боз болсо, бара-бара анын түсү ылганбай калган. А. ырымы «Манас» эпосунда айкын чагылдырылган. Чыйырдынын толгоосу күчөп, кыйналып жаткан учурда «Алып келип бай Жакып Аксарыбашыл кой чалды, Ай туякка бээ чалды. Ай мүйүзгө уй чалды», деп эскерилет. Азыр да эл арасында А. атоо учурайт.                         
                                                                                    А. Кубатова.