АБДУРАХМАНОВ Мурзалы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:58, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАХМАНОВ Мурзалы (11. 6. 1928, Ош обл., Ноокат р-ну, Меркит-Мүркүт айылы − 5. 4. 2011, Ош ш.) − милициянын генерал-майору (1978). КР ИИМдин эмг. сиң. кызматкери. Кырг-н КП БКга караштуу респ. парт. мектебин (1959), КПСС БКнын Алматы жогорку парт. мектебин (1961), СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1976) бүткөн. 1948−69-ж. парт. жетекчилик кызматтарда: Кызыл-Кыя шаараткомунун жооптуу секретары, маданий-агартуу бөлүмүнүн башчысы, Ош обл. маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы, Кырг-н КП Ош обкомунун инструктору, Кырг-н КП Көк-Жаңгак шааркомунун 2-, 1-секретары, «Нарынэнергокурулуш» башкармалыгынын парткомунун секретары, Кырг-н КП Таш-Көмүр шааркомунун 1-секретары, 1969−83,1990−91-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1983−90-ж. Ош обл. адвокаттар коллегиясынын президиумунун төрагасы, 1991−2011-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгында ардагерлер кеңешин жетектеген.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1963−67), КР ЖКнын (1990−95) депутаты. Октябрь, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.