АКВАРИУМ БАЛЫКТАРЫ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кооздук ж‑а изилдөө максатында суу толтурулган атайын айнек идиште (аквариумда) багылуучу майда балыктар. А. б‑нын дене уз. 1,5‑30 см. Көпчүлүгү майда, түркүн түстүү, кооз. А. б. Африка, Америка, Азияда, тропик ж‑а субтропик жылуу, шор эмес сууларда кездешет. Алардын каңылтыр, алабуга сымал урук таштоочулары ж‑а тирүүлөй туучу түрлөрү бар. Бул балыктарды багуудагы байкоолор ген., биохим. ж‑а бионикалык изилдөөлөр үчүн чоң мааниге ээ. (Сүрөтү 212‑бетте).