АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТА СҮЗҮҮ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кайык спортунун бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн – скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдонулат. Академиялык кайык эки калак м‑н айдалуучу, 1, 2, 4 кишилик ж‑а бир калак м‑н айдалуучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайыктардын түзүлүшү, формасы ж‑а көлөмү ар кандай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары м‑н жабдылат. А. к. с. спорту 19‑к‑дын 1‑жарымында Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892‑ж. уюшулган. 1900‑ж.
олимпиадалык оюндардын, 1962‑ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кырг‑нда А. к. с. б‑ча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында ж‑а ЫсыкКөлдө өткөрүлөт.