АЗОСПЕРМИЯ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
(а... ж‑а гр. zoon – тирүү жандык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоиддердин) жоктугу. А. жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдыкканда пайда болот. Жыныс суюктугун микро скоп м‑н изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүргүзүлөт. А. эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.