АЗИЯ ОЮНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 9 Июнь (Кулжа) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – эл аралык олимпиялык к‑ттин колдоосунда өтүүчү Азия өлкөлөрүнүн комплекстүү ири спорт мелдештери. 1949‑ж. Делиде Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын конф‑ясында А. о‑нын федерациясы (АОФ) тү­зүлүп, уставы кабыл алынган. Ал 4 жылда бир жолу өткөрүлөт (Олимпиялык оюндардан 2 жыл өткөндөн кийин). АОФтун максаты: спорт оюн­дарын уюштуруу, өткөрүү, спорт аркылуу Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту бекемдөө.АОФго Афганстан, Бангладеш, Бирма, Индия, Индонезия, Ирак, Иран, Камбоджа, КЭР, Кувейт, Лаос, Ливан, Малайзия, Непал, Пакистан, Сингапур, Сирия, Таиланд, Түркия, Филиппин, Шри‑Ланка, Япония ж. б. өлкөлөрдүн Улуттук Олимпиялык комитеттери мүчө. Ага 1994‑жылдан Борб. Азия өлкөлөрү да кошулуп, АОФ мүчөсү 43төн ашты (1996). А. о‑нын про­граммасына жеңил атлетика м‑н сууда сүзүү спортунун түрлөрү сөзсүз киргизилет. Андан башка уюштуруу к‑тинин ыктыяры б‑ча спорт­тун 8ден кем эмес түрү белгиленет. Биринчи А. о. 1951-ж. Делиде өткөрүлгөн. Анын программа­сына жеңил атлетика, велосипед спорту, баскетбол ж‑а оордукту көтөрүү б‑ча мелдештер кирип, 11 өлкө катышкан. Экинчиси 1954‑ж. Манилада (Филиппин), үчүнчүсү 1958‑ж. Токио­до өткөн. Андан кийинкилери 1962‑ж. Жакар­тада (Индонезия), 1966‑ж. Бангкокто (Таиланд),1970-ж. Токиодо (Япония), 1974‑ж. Тегеранда (Иран), 1978‑ж. Бангкокто, 1982‑ж. Нью‑Дели­де, 1986‑ж Сеулда, 1990‑ж. Пекинде өткөрүлгөн. 1994‑ж. Хиросимада өткөрүлгөн, он экинчи А. о‑на КРдин курама командасы 1- жолу ка­тышып 23‑орунду ээлеп, 4 күмүш ж‑а 5 коло медалга ээ болгон. 1998‑ж. Бангокто (Таиланд) өткөрүлгөн А. о‑на Кыргызстандын курама командасы 3 күмүш, 3 коло медалга ээ болгон. 2002­ж. А. о. Пуссан (Түш. Корея) ш‑нда өткөрүлүп, Кыргызстан курама командасы 2 алтын, 4 күмүш, 6 коло медалды жеңип алган. 1990‑жылдан А. о‑нын кышкы түрү өткөрүлө баштаган. 2003‑ж. 29 өлкөнүн спортчулары катышкан, 5-кышкы А. о. Японияда өткөн.