АК-ӨЛӨҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 4 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-ӨЛӨҢ Балыкчы булуңу­нун түш.-батыш жээгинде. Ак‑Өлөң кыш‑нан (Тоң р‑ну) 6,3 км түн.-чыгыш тарапта. Көлгө карай 2 км кирип жатат, туурасы 3 км. Мурдаарал болуп (аянты 66480 м2), жээктен 130 м ара­лыкта турган (1956‑ж.), кийин кургактыкка ко­шулуп, жарым аралды түзгөн. Жарым аралдын аянты 1957‑жылдан 1982‑ж. чейин 0,6749 км2ге, 1981‑84‑ж. 0,0046 км2 ге чоңойгон. Суу астын­дагы бөлүгүндө 3–5 м терендикке чейин кум жал­чалары жатат. Кум‑шагылдуу жээк жалчала­ры, сайроондор ж. б. мүнөздүү.