АК-САЙ СЫМАП КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:54, 19 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ош обл-нун Кадамжай р-нунда, Үч-Коргон кыш-нан 8 км, Кызыл-Кыя ш-нан 15 км түш.-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деӊиз деӊг. 1200‒1500 м бийиктикте. 1962‒92-ж. чейин мезгил-мезгили м-н издөө ж-а чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат-терриген тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап кенташы (рудасы) акиташ ж-а аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероиддер ж-а акиташ-жаспероид брекчиялар тулкуларына топтолгон. Кенташтагы сымаптын орт. өлчөмү 0,24%. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 92,5 миӊ т, андагы сымаптын запасы 222,2 т.