АЖЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
– мусулманчылык парзын аткарып, Мекеге ажылыкка барган адамдын ардактуу наамы. Бул парзды аткаруу үчүн зу‑л‑хиждин 7— 13‑үнде (хижра ай календарынын 12‑айы) Мекеге зыярат кылууга келишет. Шарият б‑ча барууга мүмкүнчүлүгү жок айрым адамдар жакын адамын өзүнүн ордуна жиберсе болот. Зыяратчы Мекеде атайын ырым‑жырымдарды аткарып, курмандыкка мал союуга милдеттүү. А‑лык парзын аткарып келген адамдарды урмат м‑н А. деп аташат. Алар жашыл селде чалып жүрүүгө укук алышат (к. Ажылык, Айт).