АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЧАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:29, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – укук норма­ларын бузуучуларга карата мамлекеттин ыйга­рым укуктуу органы же кызмат адамы тарабынан мыйзамга ылайык колдонулган адм. жаза. А. ч. жоопкерчилик чарасы болуп эсептелет да, адм. укук бузган адамды мыйзамдарды сактоо, коомдук жашоо эрежелерин урматтоо сезимин де тарбиялоо, о. эле укук бузуучунун өзүн ж. б. адамдарды жаңы укук бузуулардын алдын алуу максатында колдонулат. Адм. укук бузуулар үчүн колдонуучу жалпы эрежелер жазаларды колдонууда жасалган укук бузуунун күнөө даражасы, мүлктүк абалы, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү ж‑a оордотуучу жагдайлары (мүнөзү, күнөө даражасы, мүлктүк абалы) эске алынат.