АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
15:19, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– 1948‑ж. 10‑декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укуктарынын негизги мыйзамы катары кабыл алынган эл аралык документ. Декларациянын жоболору көп өлкөлөрдүн конституция ж‑a мыйзамдарына киргизилген. Ал кириш бөлүмдөн ж‑а 30 статьядан турат. Декларациянын биринчи эки статьясында адамдын расасы, жынысы, тили, дини, улуту, саясий ж. б. көз караштарына карабастан эркиндигин ж‑a теңдигин жарыялаган. 3–21‑статьяларында экон., социал. ж‑a маданий укуктары, 28–30‑статьяларында ар бир адамдын коомчулук алдындагы милдеттери тууралуу айтылат, о. эле декларациядагы адам укуктарын ишке ашырууга багытталган коомдук ж‑a эл аралык шарттар бекитилген. «Декларацияда ар бир адамдын кадыр‑баркын, теңдигин, укугун таануу эркиндиктин, адилеттиктин ж‑a бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот» деп жарыяланган. Декларацияда ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин кол тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп, алар анын башка жоболорунда да толукталган: «Эч ким кулчулукка же эрксиз абалда болбоого, бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого, зомбулук м‑н кармалбоого, куугунтукталбоого тийиш». Адамдын жеке ж‑a үй‑бүлөлүк турмушуна, турак жайына, кат жазышуунун жашырындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар‑намысы м‑н беделин коргоого укуктуу ж‑a ал адилет сот тарабынан корголууга тийиш, о. эле адамдын саясий, жарандык укуктары, эркиндиги ж‑дө да айтылган. Алар: ой-пикирдин эркиндиги, динге ишенүү‑ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркиндиги ж‑a аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө, ар бир адамдын жалпыга тең, жашыруун добуш м‑н шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга, бир жактан экинчи жакка көчүп барууга ж‑a жашоо үчүн өзүнө жер тандоого, баш калкалоого, жарандуулукка, мүлк күтүүгө укуктуу. Декларацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын бардыгынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. 10‑декабрь жыл сайын адам укуктарынын күнү катары белгиленет.
М. Т. Артыкбаев, Н. К. Алиева.