АГЕСИЛАЙ II
22:59, 26 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(б. з. ч. 444‒358, Мармарика) ‒ Спартанын падышасы, кол башчы ж-а дипломат. Б. з. ч. 396‒394-ж. К. Азияда Персияга каршы согушуп, бир катар жеӊиштерге жетишкен. Спарта м-н Коринфтин ортосундагы согуш башталганда, А. Персияга каршы согушту токтотуп, кайра келген. Б. з. ч. 387‒386-ж. Анталкид тынчтыгы б-ча Коринф согушу токтотулган. Анталкид тынчтыгынан кийин А. Грецияда Спартанын үстөмдүгүн орноткон. Спартага зарыл болгон акча каражатын табуу максатында б. з. ч. 361‒360-ж. Египетке келип, египеттиктердин перстерге каршы күрөшүнө жардам берген ж-а династиялардын так талашуу үчүн болгон күрөштөрүнө катышкан. А. Египеттен мекенине кайтып келе жаткан жолдо каза болгон.