АГА ХАН IV
14:41, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
, п р и н ц К а р и м ш а х (13. 12. 1936-ж. т., Швейцария, Женева ш.) ‒ шиит-исмаилит мусулмандарынын 49-мураскер имамы (1957-жылдан). Ага хан IV Мухаммед пайгамбардын бир тууганынын уулу, күйөө баласы Али ибн Абу Талиб ж-а кызы Фатима аркылуу пайгамбардын тике мурасчысы катары саналат. Ал чоӊ атасы Ага Хан III Султан Мухаммад Шахтын ишин улантып, коомдук ж-а саясий иштерге жигердүү катышууда. 1967-ж. Ага Хан IV Фонду ―― жеке, коммерциялык эмес, эл аралык өнүктүрүү агенттигин негиздеген. Фонддун максаты ―― адамдык, финансылык ж-а техн. ресурстарды мобилизациялоо аркылуу Түш. ж-а Борб. Азиядагы, Африкадагы, Ж. Чыгыштагы калктын жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыктан чыгууга көмөк көрсөтүү, коомдук уюмдарды уюштуруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү ж-а мад-т тармактарын өнүктүрүү ж. б. маселелерин ишке ашыруу. Ага Хан IV Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары м-н 1995-ж. келген. 2001-ж. КР м-н Исмаилиттер имаматынын ортосунда Кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн.
Натыйжада Ага хан фонду эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2005-жылдан Бишкекте иш жүргүзө баштаган. А. Х-дын колдоосу м-н 2000-ж. дүйнөдөгү биринчи эл аралык артыкча укугу бар Борб. Азия Ун-ти (БАУ) уюшулган. БАУнун ун-т шаарчалары Нарында (Кыргызстан), Хорогдо (Тажикстан), Текелиде (Казакстан), о. эле Ош ш-нда Ага Хан орто мектеби (2002) ачылган.