АВГУСТ Октавиан
12:31, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(б. з. ч. 23. 9. 63, Рим Республикасы, Рим – б. з. 19. 8. 14, Рим империясы, Нола) – Рим императору (б. з. ч. 27-ж.). Байыркы Римдин саясий ишмери, Рим империясынын негиздөөчүсү. Б. з. ч. 44-ж. Гай Юлий Цезарь асырап алып, өзүнүн мураскору деп жарыялаган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Октавиан анын аскерлерине таянып, императордун тактысы үчүн күрөш жүргүзгөн. Алгач Антоний ж-а Лепид м-н бирдикте (2-триумвират), республикачыл сенаттын жол башчылары Брут м-н Кассийдин (Цезарды өлтүргөндөрдүн) аскерлерин талкалайт. Б. з. ч. 36-ж. Помпейдин аскерлерин жеңип, Лепидди бийликтен ажыратат. Б. з. ч. 31-ж. Египетке каршы согуш жарыялап, анын натыйжасында өзүнүн негизги душманы Антоний м-н Египет ханышасы Клеопатранын аскерлерин талкалайт. Ушундан кийин А. Рим мамлекетинин диктаторуна айланат. Рим сенаты Октавианга «Август» («Ыйык адам») деген титул ыйгарып, «Мекен атасы» деп аташкан. Өлгөндөн кийин А. Кудай деп жарыяланып, ал каза болгон ай анын урматына август айы аталып калган. А. маанилүү саясий-адм. реформаларды жүргүзгөн. Мамлекетти башкарууда жаңы саясий режим — принципат орнотулган. Анын тушунда Рим империясынын курамына Испания толук каратылып, Египет, Мезия, Паннония, Германия провинциялары түзүлгөн. Курулуш иштери кеңири кулач жайып («Римди мраморго бөлөдү»), мад-т, ад-т өнүккөн.