АГРАРДЫК ИЛИМ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ БОРБОРУ
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
‒ ил. өндүрүштүк мекеме. КРдин Президентинин 2001-жылдын 31-октябрындагы жарлыгы ж-а КРдин Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы токтому м-н КРдин Айыл, суу чарба ж-а кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдында түзүлгөн. Борбордун карамагына Кырг-н дыйканчылык ил.-из. ин-ту, А. Дүйшеев атн. Мал чарба, ветерина рия ж-а жайыт ил.-из. ин-ту, Ирригация ил.-из. ин-ту, Агрардык экономика ж-а кайра иштетүү өнөр жай ил.-из. ин-ту, «Тамеки» ил. өндүрүштүк станциясы, үрөнчүлүк, эксперимент тик чарбалар, таяныч пункттары ж-а мамл. асыл тукум мал з-ддору кирет. Борбор негизинен агр. тармакта ил.-из-лөрдү жүргүзүп, алардын жетишкендиктерин фермердик, дыйкан, кооперациялык чарбаларга жайылтат ж-а аларга кеӊеш берет; ил.өндүрүштүк конференция, семинар, симпозиум ж. б-ды уюштурат; агр. илимдин жетишкендиктерин пропагандалайт ж-а жайылтат ж. б. Кырг-нда агр. илим тармагын да жалпысынан 280 ил. кызматкер (а. и. 2 академик, 1 корр.-мүчө) эмгектенет. Борбордун ин-тарында жети адистик б-ча докторлук ж-а кандидаттык диссертация коргоонун 3 диссертация лык кеӊеши иштейт. Борбор ил.-из. тармагын да Борб. Азия ж-а Кавказ мамлекеттеринин ил.-из. ин-ттары, ун-ттери, эл аралык ICARDA (Сирия), CЮMMЮЕ (Мексика), IPGRI (Италия), GАAR (Италия), ICИA (Сауд Аравиясы) ж. б. ил.-из. борборлору м-н тыгыз байланышта.
А. С. Ажибеков .