ВЕНЕСУЭЛАГА кошумча.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 2009-ж. В-да өткөн референдумда өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр кирген. Уго Чавес «венесуэлалык социализмди» куруу, жакырчылыкка, коррупцияга ж-а кылмыштуулукка каршы күрөшүү, сабатсыздыкты жоюу ж. б. ишке ашыруу үчүн күрөшкөн. Ал өлкөдө антиамер. риторикага таянып, өлкөнүн ички саясатын (а. и. экон. саясат) социалисттик нукка ылайык жүргүзгөн. АКШ В-нын негизги соода өнөктөшү болуп калган. 2013-ж. Уго Чавес көз жумган соң, өлкөнүн президенттигине Николас Мадуро шайланган. 2013-ж. өлкөнүн экономикасы оор кырдаалда турган ж-а аны негизинен республиканын экспорттун негизги өнүмү болгон мунайга болгон дүйнөлүк баалар көтөрүп турган. Н. Мадуронун бийликке келишинин алдында (2013-жылдын башында) В-нын мамл. карызы ички дүң продукциянын (ИДП) 70%ин түзүп, бюджеттин тартыштыгы 13%ке жеткен. 2013-жылдын аягында өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 1,6% ке өскөнү м-н инфляция жогору (56,3%) бойдон калган. Мадуро парламенттен ыйгарым укуктарды алып, "экономикалык чабуул" жарыялаган, башкача айтканда, жеке компаниялардын кирешесинин 30%тик чегин киргизген. Өлкөдө кант, өсүмдүк майы ж-а даарат кагазы сыяктуу негизги товарлардын тартыштыгы пайда болгон. Ушул учурда В. өкмөтү коррупция, диверсия ж-а спекуляция, о. эле өлкөгө каршы жүргүзүлүп жаткан "экономикалык согуш" көйгөйлөрдүн келип чыгышына себеп болуп жатат деп ырастаган. Өкмөт "алып-сатарлыкка" каршы күрөшүү программасын ишке ашыра баштаган, же 26-ноябрда бааларды төмөндөтүүдөн баш тарткандыгы үчүн «Daka» соода тармагы улутташтырылган, 30%тик чек м-н айрым товарлар сатып алуу баасынан 1000%ке көтөрүлүп кеткен. Товарлар конфискациялангандан кийин соода тармагынын жетекчилиги камакка алынган. 2014-ж. өлкөнүн экономикасына дагы бир сокку урулган: мунай заттын дүйнөлүк баалары кескин түшүп кеткен. Натыйжада, мунай зат экспорттоодон өкмөттүн кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу үчтөн бирине кыскарган. Борбордук банк бюджеттин тартыштыгын эмиссиянын эсебинен жабууга аракет кылган, натыйжада 2015-жылдын сентябрь айында инфляция өскөн. Инфляцияны ооздуктоого аракет кылып, өкмөт валютаны алмаштыруунун татаал тутумун киргизген, натыйжада доллардын “расмий курсу” базардагыдан 100 эсе жогору болгон. Мадуро өкмөтүнүн чавизм идеологиясын карманып, азык-түлүк бааларын административдик жол м-н чектеши азык-түлүк продуктыларынын жалпы жетишсиздигине алып келген. 2016-ж. Эл аралык валюта фондусу ж. б. уюмдардын маалыматы б-ча ички дүң продукция (ИДП) 18%ке төмөндөп, инфляция 550%ке өскөн, жумушсуздук – 21%, бюджеттин тартыштыгы – ИДПнын 17%ин түзүп, тышкы карыз 130 миллиард доллардан ашкан. Өлкө дефолт (банкрот) босогосуна туш келген. Эл аралык валюта фондунун билдирүүсүнө ылайык, В-да инфляциянын деңгээли 2018-жылдын аягында 1 000 000% ке жеткен. В-да экон. кризистин негизги себептерин структуралык ж-а саясий факторлор, анын ичинде импортко болгон жогорку көз карандылык, мунай затына дүйнөлүк баанын төмөндөшү, о. эле азык-түлүктү өндүрүүгө ж-а бөлүштүрүүгө мамл. көзөмөл жүргүзүү деп эсептешет. В-да 2014-жылдан баштап эле Н. Мадуронун саясатына каршы демонстрациялар ж-а нааразычылык акциялары башталган. Мадуро демонстрацияларга тыюу салып, демонстранттарды "фашисттик бандалар" деп атаган. 2016-жылдын 2-майында оппозиция өкүлдөрү президент Мадурону бийликтен кетирүү үчүн референдум өткөрүүнү өтүнүшүп, бийликке кайрылышкан. 11-июнда В-нын Президенти Н. Мадуро "референдумду уюштурууга убакыт жоктугуна" байланыштуу кызматтан кетүү б-ча референдум өтпөй тургандыгын жарыялаган. 2017-ж. 30-июлда Мадуронун жарлыгына ылайык, Улуттук Ассамблеяга шайлоо болуп өткөн. Шайлоонун жүрүшү ж-а анын жыйынтыгы өлкө ичинде, эл аралык аренада нааразычылыктар м-н коштолгон. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2018-жылдын 20-майында өттү. Оппозиция шайлоону бойкот кылып, экинчисин бурмалоо деп атады. Шайлоодо Н. Мадуро жеңип чыккан. Шайлоо Батыш өлкөлөрүндө ж-а Латын Америкасында нааразычылыктарды жаратты. Аргентина, Бразилия ж-а Канада баш болгон он төрт өлкө Каракастагы элчилерин шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык билдирүү үчүн чакыртып алышкан. Ушул эле себептен АКШ Венесуэлага кошумча экон. санкцияларды киргизген. АКШнын Президенти Дональд Трамп жаңы шайлоолорду өткөрүп, В-да репрессияларды токтотууга үндөгөн. Россиянын Президенти В. Путин Н. Мадурону кайрадан шайланышы м-н куттуктап, ага өлкөнүн социалдык ж-а экон. маселелерин чечүүдө ийгиликтерди каалаган. Шайлоонун жыйынтыгын Россиядан тышкары Сальвадор, Куба ж-а Кытай мамлекеттери тааныган. 2019-жылдын январь айында узакка созулган саясий кризис кескин курчуп кеткен. Улуттук Ассамблеянын төрагасы Хуан Гуайдо Н. Мадуронун экинчи президенттик мөөнөткө инаугурациясынан кийин башталган миңдеген нааразычылыктардын фонунда өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялады. Н. Мадуро кызмат мөөнөтү 2025-ж. аяктаганга чейин иштей тургандыгын жарыялаган. В-да курчуп бараткан тирешүү дүйнө коомчулугунун поляризацияланышын шарттаган. В. Колумбия м-н дипл. мамилесин үзгөн.