ЖАКЫПБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Жаныбек (1946-ж., Чүй обл., Панфилов р-ну, Кум-Арык айылы) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2013), проф.. 1974-ж. КМУну бүткөн соң, аталган окуу жайында окутуучу, кафедра башчысы. XIX–XX к-дардын башындагы Кыргызстандын тарыхы ж-а тарыхнаамасы (историография) б-ча адис. Анын изилдөөлөрү Кыргызстандын Орусияга каратылышынан кийинки мезгилдеги улуттук-боштондук кыймылдын тарыхнаамасына арналган. Ал 120дан ашуун ил. эмгектин (а. и. 3 монография, бир нече окуу колдонмолор) автору.

Эмг.: Историография проблем истории Кыргызстана второй половины XIX - нач. XX вв. (опыт, перспективы изучения). – Б., 2013; Проблемы советской историографии восстания 1916 г. в 20-30-х гг. ХХ в. // Россия – Кыргызстан: на пути интеграции. – М., 2010 – № 2.