ДВИНА ЖЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – тарыхый облус. Түн. Двина ж-а Онега д-нын жээгинде жайгашкан. 11–14-к-дарда Заволочье, Заволоцкая Чудь деп аталган. 11-к-дан Новгороддун карамагында. 12-к-дан Новгород республикасы. 1397–98-ж. Улуу Москва князы Василий I  Дмитриевич басып алган. 1398–1478-ж. кайрадан Новгород республикасынын көзөмөлүндө. 1478-ж. Улуу Новгород кулаган соң, Д. ж-нин аймагы расмий түрдө Орус мамлекетинин курамына кирген ж-а Двина уездин түзгөн. Д. ж-нде новгороддук боярлардын жерлери конфискацияланып, мамлекетке өткөн. Айыл калкы дыйканчылык, балык уулоочулук м-н алектенип, териси баалуу айбанаттарга аңчылык кылышкан. 542