АМБУАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Амboise) – Франциянын борб. бөлүгүндөгү шаар. Калкы 11,9 миң (2004). Луара д-нын жээгинде жайгашкан. Туризмдин борбору. Алгач        504-жылдан Амбатия деген ат м-н эскерилет. Вестгот королу Аларих II ж-а франк королу Хлодвиг I экөөнүн кезигишип, келишим түзүүгө келүүчү жери болгон. Норманддар тарабынан 843-ж. талкаланган. Шаар 9-к-дын 2-жармында Карл II Лыстын убагында калыбына келтирилип, граф Анжуйдун ээлигине берилген. А. 10–11-к-да бир нече жолу талкаланып, кайрадан курулган. Карл VII тарабынан конфискацияланып, домен королдугуна кошулган. Шаарда 1560-ж. гугенттердин герцогу Гизовго каршы заговор уюштурган жери. Шаардын жогору жагында аскалуу террасада королдун сепили (12-к.; 1492–98-ж. кайрадан курулган, учурда музей) сакталган. Бул жер 15–16-к-да француз монархтарынын эс алуучу сүйүктүү жайы болгон. Сепилдин эки капталы готика ж-а  ренессанс стилинде салынган. Талкаланган дубалдары 2 мунарасы ж-а капелласы м-н сакталган. Кире беришинде фламанд же М. Коломб мектебинин кол өнөрчүлөрү жасаган горельеф (1491–95) бар. Болжолдуу ал жерге  Леонардо да Винчинин сөөгү (1869-ж. чейин Сен-Флорантен чиркөөсүндө болгон) коюлган. Сепил 16-к-дын башында 17-к-да абак катары пайдаланылып, 17–18-к-да Орлеан герцогдоруна (1816–48) таандык болгон. Эски шаарда Сен-Дени чиркөөсү (12-к.; 17-к-да кайрадан курулган), ратуша (16-к.) анын астында музей, Жуайёз отели (16-к-дын башы, учурда почта музейи), саат мунарасы (15-к.) ж-а М. Эрнстин долбоору м-н курулган фонтан ж. б. бар. А-дан түндүктө Кло-Люсе чарбагында (1477) Франциско Iдин чакыруусу м-н келип жашаган. Ал жер учурда музей. Анын түзгөн моделдери ж-а ойлоп табуулары сакталган.  А. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.